Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

АКШ-Мексика: чек ара кризиси курчуду


Мексика менен АКШнын чек арасы.
Мексика менен АКШнын чек арасы.

АКШнын Бажы жана чек ара көзөмөл агенттигинин башчысы 25-июнда кызматтан кетерин жарыялады.

Бул Мексика менен АКШнын чек арасында кармалган мигрант балдар Техастагы убактылуу борбордо катаал шартта жашап жатканы белгилүү болуп, укук коргоочулар коңгуроо кагып жаткан учурга туш келди. Ал арада Мексика менен АКШнын чек арасындагы дарыяны сүзүп өтүүгө аракеттенип жатып сууга чөгүп өлгөн кишинин жана анын эки жашар кызынын окуясы чоң талкуу жаратууда.

Жон Сандерс АКШнын Бажы жана чек ара көзөмөл агенттигинин башчылыгына эки ай мурда эле дайындалган. Бир катар америкалык маалымат каражаттарынын колуна тийген катында ал кызматтан 5-июлда кете турганын маалымдаган.

«Мен 12 жылдан бери камактагы иммигрант балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен иштейм. Бирок мен Клинттен көргөндөй, ар-намысты тебелеген, адагерчиликсиз шартты буга чейин учураткан эмесмин. Андагы балдар ачка, кир, оорулуу жана корккон абалда болушкан. Мен сүйлөшкөн балдар мыйзам талап кылган 72 сааттан көп кармалып турушкан», - дейт колумбиялык укук коргоочу Элора Мухержи.

Эл-Пасо шаарынан 30 чакырым жердеги Клинттен 24-июнда 250 баланы чыгарып кетишсе, ошол эле кезде бир күндөн кийин ал жерге дагы 100дөй бала жеткирилди. Алар - чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган мигранттардын балдары.

АКШнын мыйзамдары коштоочусу жок жашы жете элек балдарды 72 сааттын ичинде ата-энесине кайтарууга же саламаттык сактоо, социалдык коргоо борборлоруна жайгаштырууга милдеттендирет.

Конгрессте да миграциялык кризисти чечүүнүн жолдору тууралуу талкуулар күчөдү. 25-июнда демократтар башкарган Өкүлдөр палатасы гуманитардык жардам жана чек ара коопсуздугу үчүн жалпы суммасы 4,5 миллиард долларга жакын каржылык пакет бөлүүнү колдоду.

Нэнси Пэлоси.
Нэнси Пэлоси.

«Биз балдарда тамак-аш, кийим-кече, тазалык каражаттары, жашаган жери жана медициналык кызмат көрсөтүү болушун камсыз кылабыз. Балдарга карата жасалган катаал мамиле америкалык гана эмес, адам катары да биздин бардык баалуулуктарыбызды жокко чыгарат», - деди Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси.

Бирок Өкүлдөр палатасындагы республикачылар бул чараларды саясий упай топтоо катары сындап, каршы чыкты. Республикачылардын лидери Кевин Маккартинин айтымында, Трамптын администрациясы түштүк чек арадагы кырдаал үчүн чукул каржылык жардам сураган өтүнүчүнө 56 күндөн бери жооп болбой келген.

Кевин Маккарти.
Кевин Маккарти.

«Бир канча жумалык аракетсиздиктен жана кризис бар экенин четке кагып келген кырдаалдан кийин алар адашууга алып барган мыйзам сунуш кылып жатышат жана бул саясий максатты көздөйт», - деди Маккарти.

АКШнын Сенаты да жакын арада чек арадагы кризисти жөнгө салуу боюнча өз сунушун ортого салышы күтүлүүдө.

Ал арада чек арадагы дарыяны сүзүп өтүүгө аракет кылып жатып сууга чөгүп өлгөн Оскар Альберто Мартинестин жана анын эки жашар кызы Валериянын окуясы чоң талкуу жаратууда. Кызын кучактаган ата Мексиканын чек арадагы Рио-Гранде дарыясы аркылуу АКШнын Браунсвилла шаары тарапка өтүүгө аракет кылган кезде жан таслим болгон. Мексикалык «La Jornada» гезитине жарыяланган, кучакташкан бойдон жээкке чыгып калган атасы менен кызынын сүрөтү чек арадагы кризис канчалык оор экендигин көрсөтөт. Басылманын маалыматына караганда, Оскар Альберто Мартинес үй-бүлөсү менен АКШдан баш паанек ала албаган соң кызы Валерия менен чек арадагы дарыядан сүзүп өтүүнү чечкен. Бул чек арадан өтүүдө болгон кайгылуу окуялардын бири гана.

АКШнын түштүк чек арасы аркылуу келген мигранттар акыркы айларда мурдагыдан да көбөйдү. Май айында эле 144 миң киши кармалган.

Өз өлкөлөрүндөгү жакырчылыктан, зордук-зомбулуктан жана кыянатчылыктан качкан борбор америкалык мигранттар АКШга Мексиканын чек арасы аркылуу киргенге аракеттенишет. Алар негизинен Гватемаладан, Гондурастан, Сальвадордон жер которгон мигранттар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG