Бишкекте санитардык талаптарды бузуп жана кечки саат 22:00дөн кийин иштеген 20дан ашык кафе-ресторандар, клубдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.
Маалыматка караганда, 15-17-августта баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлдү.
Кафе-ресторандар, клубдар эреже сактабаганы рейддин жүрүшүндө белгилүү болгон.
Финансы полициясы тамактануу, көңүл ачуу жайларында эл топтолгон учурларды көргөндөрдү 1955, 0312 54-39-80, 0312 54-17-12 телефондоруна кабарлап коюуга чакырат.
Пандемиядан улам Бишкекте карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат. (NT)
Дагы караңыз
Тумоону тоготпогон кыргыз той-ашыПандемия дыйкандын түйшүгүн көбөйттүБийлик той жана жаназа тартибин өзгөрткүсү келет