Ооганстандын расмий өкүлдөрү «Талибан» кыймылы менен болжолдонгон тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелгенин билдиришти.
Кабул маалымдагандай, буга айрым чет мамлекеттердин туткундагы кээ бир жоочуларды бошотууга каршы чыкканы түрткү болду.
Сүйлөшүүлөр саналуу күндөрдөн кийин башталмак. Ооганстандын Улуттук кеңеши - Лоя Жырга ушул айдын башында Кабулда өтүп, туткундагы 400дөй талибди бошотууну чечкен.
Мелбурн менен Париж Кабулду австралиялыктар менен француздарды өлтүргөнү үчүн айыпталган айрым талиб согушкерлерин бошотпоого чакырышты.
Дагы караңыз
Кабул акыркы талиб туткундарын бошотуудаПомпео: «Кадамыбызды алдын-ала айтпайбыз»Оогандыктардын сүйлөшүүсү жакындадыАКШ менен «Талибан» кыймылы жыл башында кол койгон келишимге ылайык, Кабул 5000 туткунду эркиндикке чыгармак. Алардын 4600дөйү бошотулду.
Калгандарын ооган өкмөтү кооптуу деп баалаган. Камактагылардын 200дөйү элчиликтерге, өкмөт имараттарына, коомдук жайларга чабуул койгону үчүн айыпталган. Ал чабуулдарда жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган.
Макулдашууга ылайык, «Талибан» кыймылы өз тарабынан миңдей туткунду эркиндикке чыгарган.