«Кумтөр» компаниясы: Соттун кенемте боюнча чечими колго тие элек

Кыргызстан. Кумтөр алтын кенинин жандоочтон тартылган көрүнүшү. 2018-жыл.

«Кумтөр» алтын кен компаниясы цианид чуусуна байланышкан доо арыз боюнча чечимди колго ала элек. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы 13-августта «Азаттыкка» билдирди.

«Компания соттун жазуу жүзүндөгү чечимин азырынча ала элек. Эгер апелляция берилбесе, биринчи инстанциянын чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Андан аркы аракеттер соттун жазуу жүзүндөгү чечимин алгандан кийин аныкталат. «Кумтөр» өзүнө кабыл алган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарарын белгилеп кетебиз», деп айтылат маалыматта.

Жогорку соттун басма сөз кызматы бул иш 12 томдук экенин жана чечим азырынча даяр боло элек экенин кабарлады. Ишти караган судья мыйзам боюнча беш күн ичинде чечимди даярдап, андан кийин гана тараптарга бериши керек.

Бишкектин Октябрь райондук соту 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын «Кумтөр» алтын кен компаниясына каршы цианид чуусуна байланышкан доо арызын караган. 15 жылдан бери уланып келаткан ишти караган Октябрь райондук соттун судьясы Альбина Жээнбекова «Кумтөр» компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген.

Доогерлердин өкүлү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоеванын билдирүүсүндө, иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда 2000дей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 000 киши медициналык жардам алган. Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу талап менен 2005-жылы сотко кайрылган. 15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, 10-августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган. (NT)