Аймактар: стационар чыры, оорукананын курулушу

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарында эми гана иштей баштаган түнкү стационардын шайлоого байланыштуу жабылышы тургундардын нааразычылыгын жаратты. Калаадагы университетте ачылган жай эки күндөн кийин “Шайлоо участкасында иштөөгө болбойт” деген негизде жабылган. Бирок тургундардын нааразычылыгынан улам түнкү стационар өз ишин шайлоо күнүнө чейин уланта турган болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддагы түнкү стационардын жаңжалы

Талас

Талас облусунун жетекчисинин кеңешчиси катышкан жол кырсыгында жабыркаган адам ооруканада көз жумду. Укук коргоо органдары айдоочу мас болгонун тастыкташты. Велосипедчи 26 жашта эле, ал дүкөндөн үйүнө кайтып келаткан. Анын туугандары соттон адилеттүү өкүм талап кылышууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта аткаминер сүзүп кеткен адам көз жумду

Нарын

Нарын шаарында мамлекет тарабынан жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула башталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб ​кабарлады.

Курулуш иши мамлекет тарабынан каржыланары айтылганы менен баасы айтылган жок. Узундугу 73, туурасы 28 метрди түзгөн бир кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулары пландалууда.

Талап боюнча оорукана бир айдын ичинде курулуп бүтөрү күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик бардык маселелер боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иштеп жатат.

Нарында курулуп жаткан оорукана

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы кыян алып кеткен дамбалар калыбына келтирилүүдө.

Ош облусу

Ош облусунан алты дарыгер Ысык-Көл облусуна коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн жардамга кетишти. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда бул дарыгерлер Каракол шаарындагы облустук ооруканада эмгектенип жатышат.

Баткен

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында акыркы жылдары кошумча 3,5 миң гектардай жер өздөштүрүлдү. Буга чейин иштетип келген 4 миң гектар жерди туура пайдалануу менен жергиликтүү казына он эсе жогорулап, дотациядан чыккан. Айыл аймагы жайгашкан Бүргөндү массивинде дагы 9 миң гектар дың жерди өздөштүрүү аракети башталды. Келечекте бул жерге түшө турган эки шаарчанын курулуш долбоору да даяр.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүргөндүгө түшчү эки шаарчанын планы даяр

Ысык-Көл

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Президент иш сапарынын алгачкы күнүндө аталган аймактагы медициналык объектилердин абалы жана Каракол шаарындагы "Ак-Булак плюс" сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кыргызстан Кытайдан 78 кычкылтек концентраторун сатып алды

Бишкек шаарына чартердик рейс менен 10 литрлик 78 кычкылтек концентратору 2-августта Кытайдан жеткирилди.

Өкмөт кабарлагандай, жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган. Аймактарга бөлүштүрүш үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлдү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​