Ысык-Көлдө атайын станционар ачылды, аймактарда сел жүрдү

Караколдогу "Динамо" спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар.

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Ысык-Көл

Караколдо милиционерлер үчүн күндүзгү стационар даярдалды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы коронавируска чалдыккан милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар даярдады. 27-июлда Караколдогу «Динамо» спорт ордосунда ачылган резервдик стационарда түзүлгөн шарт менен облустук милициянын башчысы Улан Асанбаев таанышып чыкты.

Асанбаев белгилегендей, эгерде кызматкерлер арасында оору тез жайыла турган болсо 20 орунга эсептелген стационар ишке кирет. Ал жерде башкармалыктын медицина кызматынын дарыгерлери жана медайымдары иштешет.

Караколдогу "Динамо" спорт ордосунда ачылган күндүзгү стационар.

Соңку маалыматка караганда, азыркы учурда 48 милиционер өпкөсүнөн кагынып ооруп жатат. Алардын бешөө ооруканада, калгандары үйүндө дарыланууда. Мындан тышкары сегиз ардагер, милиция кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнөн 25 адам жана 15 эркин жалданма кызматкер амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 33 296 адамга жукту, алардын 2 199у Ысык-Көл облусунда, айыгып чыккандары 434 адам.

Кадр саясаты: Түлөбаев Ысык-Көлгө, Осмоналиев өкмөткө барды

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп келген Акылбек Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Балбак Түлөбаев көпчүлүккө кандай сапаттары менен таанымал?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Балбак Түлөбаев: Региондорго кыйын болот

Кыргызстанда соңку эки күндө айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаандан улам кыян жүрүп, сел каптады. Адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аймактарда сел жүрдү

Жалал-Абад

"Пандемия мени кандай өзгөрттү?" сынагына Жалал-Абад шаарынан Элиза Акжолтоева баян жолдоду. Ал карантин маалында балдарынын өзгөчө өнөрлөрүн байкап, үйдөн алыста иштеген жолдошуна мээрими күчөгөнүн, окулбай жаткан китептерин окуп, аны башкаларга кантип бөлүшкөнүн сүйлөп берди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Камкордукка үйрөткөн карантин

Бишкек

Өздөрүн “шаарман” деп атаган Бишкектин урбанисттери бир ай бою шаардагы добуштарды изилдешти. 36 түрлүү жайда 18 адам 500 аудиокаттоо жасаган. “Шаармандар” карантин маалында мемиреген тынчтыкка, табигый үндөргө тамшанышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Изилдөө: Карантинде Бишкектин үнүн уктук

Аянттар менен мечиттерде айт намазы окулбайт

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Курман айтта айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Мындай чечим COVID-19 вирусунун жайылышына, мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында кабыл алынганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) билдирди.

Муфтият элди бул чечимди туура түшүнүү менен кабыл алууга, Курман айтты курмандык чалып үйдө майрамдоого, башкалардыкына айттап барбоого чакырды.

Муфтияттын чечими менен быйыл Курман айт майрамы 31-июлга белгиленген.

9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.

Буга чейин 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды телевизор аркылуу түз эфирде куттуктаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​