Мекенине кайткан дарыгер, жаштар берген "Тез жардам"

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Жалал-Абад

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну, 38 жаштагы Мекен Абдалиев акыркы үч жылдан бери Орусияда жеке менчик клиникада иштеп келатат. Ал пандемиядан улам кыйналып жаткан жердештерине көмөк берүү үчүн бир айга келген.

Токтогул районунда 43 киши коронавирус менен ооруганы аныкталып, төрт адам каза болгон. Район борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Терек-Суу айылындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы микрохирург менен кабарчыбыз сүйлөшүп келди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мекенине кайткан ыктыярчы дарыгер

Кербен шаарына кирүүгө чектөө киргизилди

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Аксы райондук штаб райондун борбору - Кербен шаарына кирүүгө чектөө киргизген чечим кабыл алды. Бул тууралуу район акиминин орун басары Нуртаза Мамбетов "Азаттыкка" билдирди. Акимдин орун басарынын айтымына караганда мындай чечимге элдин агымынын көп болуп жаткандыгы негиз берген.

Аймактарда абал оор

Соңку күндөрдөгү статистика Кыргызстандын облустарындагы эпидемиологиялык абал курчуп баратканын көрсөттү.

Коронавирустан көз жумгандардын дээрлик жарымы аймактардын тургундары болууда. Акыркы эки аптада эле аймактардагы көрсөткүч эселеп көбөйүп, ооруган жана илдеттен каза тапкандардын саны кескин көбөйдү.

Дагы караңыз Аймактардын ача пикир жараткан абалы

Түркия

Вандыктар кыргыз элине акча чогулта баштады

Улуу Памир айылынын тургундары жана Түркиянын ири шаарларында жашаган вандык кыргыздар Кыргызстанга жардам акциясын башташты.

«Улуу Памирден - Кыргызстанга» аттуу акция баштаган улуу памирликтер акчалай жардам топтоп, Түркиядан Кыргызстанга медициналык жабдууларды жөнөтүүнү максат кылышууда.

Ош

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын демилгелүү жаштары тажрыйбалык дарыгерлер борборуна "Тез жардам" автоунаасын жана бир канча медициналык каражаттарды жардам катарында тапшырышты.

Жаштардын белегин тапшыруу аземине аталган райондук акими Бактыбек Алайчиев катышканын "Фейсбук" колдонуучусу Рыспай Пазылов жазды.

Бишкек

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушунда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, курулуш объектиси Ленин районунун аймагында, Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан.

Кыргызстанда 20-июлдан тартып жогорку окуу жайларына студенттерди кабыл алуунун биринчи айлампасы башталды. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу университеттерге кабыл алуу биринчи жолу онлайн өтүп жатат.

Аралыктан кабыл алуунун жол-жобосу кандай? Ал канчалык деңгээлде калыс жана таза өтөт? Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров "Азаттыкка" маек берди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эми үйдөн чыкпай университет тандаса болот

Нарын

COVID-19 илдети менен күрөшүүгө Ак-Талаа районунун ыктыярчылары да өз салымын кошууда. Аталган аймакта демилгелүү топ түзүлгөнүн активист Кубанычбек Баялиев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Ысык-Көл

Бала кезинде катуу оорудан улам укпай жана сүйлөбөй калган Чолпон-Ата шаарынын тургуну Марат элди таң калтырган сүрөттөрдү тартат. Көл жээгиндеги эс алуу жайларында жана жеке үйлөрдө жаралган эмгектерине өзгөчө туристтер көңүл бурушат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Марат тарткан мыкты сүрөттөр

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​