COVID-19: Оорунун мизи кайта элек

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткадагы өлүмдүн азайышын жакшы тенденциянын башталышы катары баалап жатат.

Пандемияга байланыштуу өлкөдөгү соңку кырдаал кандай?

Адегенде COVID-19 илдети жана пневмония боюнча 20-июлга карата статистикага токтолсок. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 34 адам өлдү. Ошентип, пандемиянын башынан бери бул оорудан каза тапкандардын жалпы саны 1037 кишиге жетти. Бул расмий катталган бейтаптардын 3,8 пайызын түзөт.

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган 611 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 781 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде Кыргызстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны азайганын айтып, муну жакшылыкка жооруду.

Мадамин Каратаев.

«Кудайга шүгүр, акыркы күндөрү өлүмдүн көрсөткүчүндөгү тенденция жакшы жакка бурулуп жатат. Өлүмдүн көрсөткүчү – акыркы суткада тастыкталган COVID-19дан эки эле адам (бирөө Бишкекте, бирөө Ош шаарында), ал эми лабораториялык жактан тастыкталбаган COVID-19дан 32 адам көз жумду. Бишкек шаарында 19, Чүй облусунда эки, Ош облусунда төрт, Нарын облусунда үч, Жалал-Абад облусунда төрт киши. Бүгүнкү күндө стационарларда 13 201 адам дарыланып жатат. Алардын арасында реанимациядан которулгандар да бар. Тенденцияны көзөмөлдө кармап жатабыз».

Адам өлүмүнүн саны боюнча бул Кыргызстанда акыркы он күн ичиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу чындап эле аз. 10-июлдан тартып өлкөдө күн сайын коронавирустан жана өпкөсү кагынып (пневмония) 40-50дөн ашык киши, ал эми 15-июлда 85, 17-июлда 83 адам каза болду. Бул илдет менен ооруп жаңы катталгандар айрым күндөрү 1500ден ашып кетүүдө.

Өкмөт 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары каттай баштагандан бери Кыргызстанда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны кескин көбөйдү.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирустан адам өмүрү кыйылган мамлекеттердин саны жагынан Кыргызстан 42-орунда турат. Бирок өлкөдө бир күндө 83-85 адам каза болгон учурларда 6,5 миллион адам жашаган Кыргызстан калкынын санына алып караганда өлүм-житим боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгып кеткен учурлар бар.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирустан каза тапкандардын көбөйүшүн өкмөт пневмонияны да COVID-19 деп каттай баштаганы менен байланыштырып, мындай чечим эмне себептен кабыл алынганын түшүндүрдү.

Аида Исмаилова.

«Бул биринчиден, оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк болот. Үчүнчүдөн, эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет».

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан адам өлүмү боюнча дүйнөдө алдыңкы мамлекеттердин катарында турат деген маалыматтарга кошулбайт. Тескерисинче, соңку көрсөткүч абал жакшырып баратканынан кабар берет деп ишенет.

«Чындап эле ушундайбы, кырдаал мындан ары кандай өзгөрүшү мүмкүн?» деген суроолор менен Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактика борборунун вирусологу Зуридин Нурматовго кайрылдык.

«Бишкек, Ош шаарларында жөнөкөй сасык тумоо деле өтө тез тарап анан басаңдай баштайт. Бул жагынан караганда азыр оору азайышы керек. Ушул тапта аймактарда ооругандар көп болууда. Бирок коронавирус жугуп үйүндө жаткандар да өтө эле көп. Эпидкөзөмөлдүн системасы алардын баарын камтый албайт. Биз Кыргызстанда акыркы 25 жылда сасык тумоонун тарашын анализдеп чыктык. Мисалы, сасык тумоо ноябрь айында жана январдын аяк ченинде аябай күчөйт. Ортодо эки айдын ичинде төмөндөйт. Эгерде ушул теория менен ала турган болсок коронавирус сентябрь айында азайышы керек. Бирок сентябрда башка оорулар да көбөйөт. Ошондуктан азыр ооруп ден соолугу начарлап калгандарга ошол кезде оор болот».

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы саламаттык сактоо министри Дамира Ниязалиева абал турукташып баратат дегенге али эрте деп эсептейт.

«Күнүгө 700-800-1000 кишиден коронавирус чыгып жатат. Алардын ар бири эле бирден кишиге оору жугузган болсо канча деген адамга илдет жуккан болот? Ошондуктан азыркы абал дагы кармалып турат деп ойлойм. Андыктан өкмөт ишти күчөтө бериши керек».

Саламаттык сактоо министрлиги бул илдет менен ооругандардын 26 пайызы 50-59 жаштагы, 35 пайызы 60-69 жаштагы кишилер экенин кошумчалады. «Каза болгондордун ар бир бешинчиси ооруканага кеч кайрылгандар», - деди Мадамин Каратаев.

Мунун алдында президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде Кыргызстанда эки ай карантин киргизилип, ал алынгандан кийин адамдар беткап тагынбай, санитардык талаптарды сактабагандыктан вирус жайылып кеткенин айткан жана «коронавирус жок» деп ага ишенбегендер да оорунун жайылышына шарт түзгөнүн билдирген.

Талдоочу Руслан Акматбек муну бийликтин актануусу катары баалады.

Руслан Акматбек.

«Бул – бийликтин актануусу жана жоопкерчиликтен качуу амалы. Биздин тиешелүү мамлекеттик мекемелер, жетекчилер, бийлик дүйнөдөгү абалды көрүп, ар кандай изилдөөлөрдү эске алып, адистер жана коомчулуктан алдыңкы өкүлдөрү менен кеңешкенде абал мынчалык оор болмок эмес. Бул илдетке бийлик тийиштүү деңгээлде маани бербегени ачыкка чыкты. Эң коркунучтуусу - мындай мамиле дагы эле уланууда».

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан 20-июлга чейин бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

Ошол эле кезде ооруп айыгып, бирок тест тапшырбаган, ага ылайык расмий статистикага кирбеген бейтаптар миңдеп саналары да айтылып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​