Көлдөгү көчмө дарыкана, өрттөлгөн кара куурай

Токтогул шаарындагы күндүзгү стационар. 16-июль, 2020-ж.

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 53 бүтүрүүчү “Алтын сертифкатка” ээ болушту. Эң жогорку баллды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Акмарал Нурбек кызы алды. Анын баллы – 229 болгон.

Жогорку балл алгандардын 28и Бишкек шаарында, үчөө Ош шаарында, алтоо Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, экөө Талас облусунда, алтоо Баткен облусунда, төртөө Ысык-Көл облусунда жана Нарын, Жалал-Абад облустарында бирден окуучу.

Жогорку упай алган 53 бүтүрүүчүнүн тизмесин көрүү үчүн бул жакты басыңыз.

Талас

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кара куурай (марихуана) өсөт. Жылына аларды жок кылууга күч кызматкерлери тартылат.

15-июлда Мамлекеттик чек ара кызматы менен Ички иштер министрлигинин Талас облусундагы бөлүмдөрү биргеликте 1800 килограмм (1,8 тонна) кара куурайды жок кылышты.

Бул өсүмдүктөр Таластагы Кыргызстан айылына жакын жерде табылган. Аны күч кызматкерлери өрттөшкөн.

Таласта эки тоннага жакын кара куурай жок кылынды

16-июлга карата Талас облусунда алты кишиден коронавирус аныкталды. Ал эми ушул убакытка чейин илдетке чалдыккандардын жалпы саны облус боюнча 104тү түздү. Пневмония илдетин кошкондо 26 киши каза тапты.

Азыркы тапта Талас шаарында 100 орундук күндүзгү стационар ачылган. Жалпы облус боюнча 627 керебет даярдалган. Бир ай мурда жергиликтүү бийлик ар жуманын дүйшөмбүсүн санитардык күн деп жарыялаган.

Бул күнү кафе, дүкөн, мончо, базар жана башка коомдук жайлар иштебей, имараттарын дезинфекция кылууга тийиш.

Нарын

Нарын облусу боюнча күндүзгү стационарлар үчүн 147 имаратта 1087 орун даярдалды. Бул жайларга бир аптада 4000ден ашуун бейтап кайрылды. 250 миңдей калкы бар облустагы жети оорукана менен стационарларда ушул тапта 153 кычкылтек концентратору, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат пайдаланылып жатат.

Облуска дагы 300дөн ашуун кычкылтек концентратору, 17 ИВЛ аппараты керек. Зарылчылыкты жоюу үчүн Нарынга кыргыз өкмөтү жана теңиртоолук демөөрчүлөр 122 кычкылтек концентраторун алып беришти.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында стационарга кайрылгандар көбөйдү

Чүй

10 жаштагы Руслан чогулткан тыйындарын "коронавируска каршы күрөшүүгө" деп берди. Руслан чогулткан тыйындарын Ысык-Ата районундагы элдик штабга алып келген. Бул анын карантин маалында топтогон акчасы экен.

Ал эми Чүйдүн дунгандар отурукташкан Милянфан айылында эки апта ичинде 20га жакын бейтап каза болду. Алты миңге жакын калкы бар бул айылда жалгыз бейтапканада үч дарыгер тынбай иштеп жатат. Айылда ушул күндөрү ыктыярчы топтор түзүлүп, күндүзгү стационарлар ачыла баштады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Милянфанда вирус менен күрөшкөн ыктыярчылар

Жалал-Абад

Коронавирус жана пневмонияга чалдыккандарды дарылоо үчүн Токтогулда райондук ооруканадан сырткары 214 орунга ылайыкташкан күндүзгү стационарлар ар бир айылда ачылган. Бейтаптарды дарылоо иши аймактык ооруканадан сырткары абалына жараша райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Токтогул шаарчасындагы бала бакчада жана айылдардагы 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, 19 ФАПта жүрүп жатат.

Токтогулдагы күндүзгү стационарлар

Ысык-Көлдөгү көчмө дарыканалар

Ысык-Көлдө 16-июлга карата 412 адамдан коронавирус аныкталды. Өпкөсү кагынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турган 691 адам бар. Күндүзгү стационарларга облус боюнча күнүнө 2 миңге жакын киши кайрылууда.

Каракол шаарында учурда күндүзгү төрт стационар иштеп жатат. Бейтаптардын көбү керектүү дары-дармек издеп, убактысын коротуп жатканына байланыштуу Ысык-Көл мамлекеттик университетинин спорт залында иштеп жаткан стационардын жанына көчмө дарыкана уюштурулган.

Ысык-Көл.

Облуста 500дөн ашык медицина кызматкери жумушка тартылган. Бирок адистердин айтымында, медиктердин тартыштыгынан улам аймактагы ооруканаларда бейтаптар үчүн орундарды көбөйтүү маселеси чечилбей турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​