"Тез жардамдын" көзүн карагандар, дарыканада кезек күткөндөр

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Ысык-Көл

80 миң калктуу Караколдо активист жаштардын тобу шаардагы стационарларда жана ооруканаларда иштеп жаткан медиктерге жардам көрсөтүп жатышат. Жаштар тобу каражат чогултуп, беш жылдан бери токтоп турган "Тез жардам" автоунаасын оңдотууга киришти. Пандемия күчөп турган маалда Каракол шаарында эки гана "Тез жардам" эл кызматында.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Караколдо эл эки "Тез жардамдын" көзүн карайт

Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы рентген кабинетинин сүрөттөрү кызуу талкууга түштү. Өпкөсү кагынган бейтаптар узун кезектен улам ушул рентген кабинетин колдонууга аргасыз болууда деген сөздөр тараган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Караколдогу араң жан рентген

Ал арада Каракол шаарынын борбордук көчөлөрү таңкы саат 6дан 7ге чейин хлор кошулган суу менен күн алыс жуулуп жатат. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, бир автоунаага сегиз тонна суу толтурулат. Ал үч чакырым жерди тазалоого жетет.

Каракол: Шаар жолдору дезинфекцияланып жатат

Караколдо шаар жолдору дезинфекцияланып жаткан чакта кафелердин бири күндүзгү стационарга айланды. Шаардагы "Ата-Кенч" кафесинин имаратында күндүзгү стационар ачылганы турат. 40 орунга ылайыкташкан стационар күндө он эки саат иштейт. Бейтаптардын саламаттыгына үч дарыгер, беш медайым кам көрөт.

Каракол: Кафе күндүзгү стационарга айланды

Бишкек

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенттери Бишкектин сыртындагы мурдагы "Ганси" аба базасында жайгашкан стационарда өз ыктыяры менен адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп, бейтаптарды дарылап жатышат. Ал жерде 1000ге чукул бейтап бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Адам өмүрү үчүн күрөшкөн жаш дарыгерлер

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж.

Башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү.

Дарыкана менен ооруканага кезек күткөндөр көбөйдү

Чүй

Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасы тууралуу Интернетте жарыяланган видео тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеме видеодо медициналык кызматкерлердин кезмет алмашып жаткан учуру тартылганын билдирди. Ошондой эле коронавирус менен ооругандарды дарылаган дарыгерлер өздөрү да илдет жуктуруп жатканы, алардын ичинде Ысык-Ата ооруканасынын кызматкерлери да бар экени белгиленип, учурда бейтапканага кошумча тогуз кызматкер тартылганы кабарланган.

11-июлда өзүн Кант шаарынын жашоочусу катары тааныштырган жаран ооруканадан тарткан видеону Интернетке жарыялаган. Ал коронавируска кабылып бейтапканада жатканын, аны жана башка бейтаптарды караган дарыгерлер жоктугун, палаталарда өздөрү калганын айткан. Тасмада оорукананын ичинде ак халатчандар жок экени көрүнүп турат.

Нарын

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары акча чогултуп, жергиликтүү ооруканага керектүү кычкылтек концентраторлорун сатып беришти. Саламаттык сактоо министрлиги берген концентраторлорду кошкондо, райондо 23 кычкылтек концентратору бар экенин жергиликтүү тургун Кубанычбек Баялиев жазды.

​Ушундай эле демилгени Жумгал районунун тургундары көтөрүшкөн экен. Демилгечилердин бири Самара Мамышова "Фейсбуктагы" баракчасына жергиликтүү элдин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен райондук ооруканага 302 миң сомго бааланган медициналык каражаттар, дары-дармектер тапшырылганы тууралуу сүрөт жарыялады.

Баткен

Лейлек жана Баткен райондорунда 12-июлда жүргөн сел бир канча үйдүн короо-жайын каптады. Катуу жааган жамгыр Лейлек районунун Исфана шаарынын, Тогуз-Булак айылынын, Баткен районунун Кыштут айылынын жашоочуларына зыян алып келди.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендеги селдин кесепети