Орун жетпеген оорукана, безилдеген бейтаптар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң көп көрсөткүчкө жетти - 439 болду. Бир сутка ичинде беш бейтап каза болду. Социалдык тармактарда ооруканалар коронавирус илдетине чалдыккандарга толуп, элди жаткырууга орун калбай калганы айтылууда. Ошол эле кезде анализинен коронавирус табылбай, бирок өпкөсүнөн кагынып, оор абалга туш болгон бейтаптар да күндөн күнгө көбөйүп жатат.