Активисттерге «#RЕакцияга» чейин эле басым күчөгөн

Бишкекте өткөн акцияда тартылган сүрөт. 29-июнь, 2020-жыл.

Жарандык активисттер уюштурган «#REакция 3.0» акциясынын алдында белгисиз адамдар катышуучуларды ага барбоого үндөгөн.

29-июнда Бишкек шаарында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы "#RЕакция 3.0" деп аталган нааразылык жүрүшү уюштурулуп, ал парламент алдындагы акция менен жыйынтыкталды. Митингде президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюуга чакырган кайрылуу кабыл алынды.

Акциянын алдында мыйзамды сунуштаган депутаттар коомчулукка кайрылып, документ сөз эркиндигин ооздуктоо үчүн эмес, фейк аккаунттарды ачыктоого багытталганын түшүндүрүштү.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы акцияга чыккандар "Гүлшат, мандатты тапшыр!", "Фейк депутат", "Баш кесмек бар, тил кесмей жок", "Эркин сөз - эркин эл", "Элге каршы мыйзамга жол жок!" деген ураандарды чакырып турушту.

Уюштуруучулар ага миңден ашык адам катышканын айтышты. Келгендердин көпчүлүгү жаштар экенин байкоого болот.

Аталган жүрүш Ак үйдүн жанында жыйынтыкталды. Акциянын аягында президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга вето коюуга чакырган кайрылуу кабыл алынды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«#RЕакцияда» президентке талап коюлду

Президенттик аппарат бул жүрүш жана анын талаптары тууралуу үн ката элек.

Акциянын алдындагы эскертүүлөр

28-июнда ырчы Зеренин атасы Асылбек Жооданбековго белгисиз адам телефон чалып, ырчы кыздын Интернет мыйзамына байланыштуу митингге катышар-катышпасына кызыккан. Өзүн Азамат деп тааныштырган адам «балким, алардын үйүнө барып, жолугуп кетерин» да айткан.

Асылбек Жооданбековдун айтымында, социалдык тармактын колдонуучулары аталган номерди «Getcontact» тиркемеси аркылуу текшергенде «Алмаз, 10-бөлүм» деп чыкканын жазып жатышат.

Асылбек Жооданбеков

«Алар алгач квартальный менен байланышып, биз жөнүндө сурашыптыр. Түштөн кийин менин телефонума чалышты. Ачык айтпаганы менен кыйыр түрдө «митингге чыкпагыла» деген ойду жеткиргенге аракет кылды. Бул жерден эмнени көрүп жатам? Бийлик, укук коргоо органдары өткөн окуядан дагы эле сабак алган эмес. Элдин митинг же башка жолдор аркылуу эркин оюн билдиргенинен корко турганын байкадым. Бул көрүнүш мени абдан өкүндүрдү».

Митингге бир күн калганда эскертүү алгандардын катарында Зеренин үй-бүлөсү жалгыз эмес. Журналист Улукбек Акишевдин үйүнө өздөрүн акимиат кызматкерлери катары тааныштырган үч адам келип кеткен. Алар журналистти «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы уюштурулган акцияга катышпоого үндөгөн.

Эртең митинг болот деген күнү Бишкек мэриясы "29-июндан баштап калаанын бир нече көчөлөрү дезинфекцияланат" деген маалымат таратты. Алардын катарында акция өтө турган Эркиндик бульвары жана Ала-Тоо аянты да бар эле. Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова бул иш-чаралар мурдатан эле пландалганын айтып жатат:

«Бишкек мэриясы дезинфекция иштерин митингге каршы жасап жаткан жок. Тынч жүрүштөр өтө берсин. Көп киши чогулса дезинфекция иштерин алар кеткенден кийин жасайбыз. Көчөгө чыгып жүрүшкө катышып жаткан жарандардан өтүнөбүз: социалдык аралыкты сактап, беткапты чечпегиле. Ошондой эле акимиат кызматкерлери үйлөрдү кыдырып жүрөт деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Мэрия андай чечимди кабыл алган эмес».

«#RЕакциянын» катышуучулары Интернетти чектөөгө каршы


«#REакция» деп аталган митинг ушуну менен үчүнчү жолу болду. Алгачкы эки акциянын пайда болушуна Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган журналисттердин иликтөөсү себеп болгон. Матраимовдордун үй-бүлөсү азыркыга чейин бажыдагы былык иштерге, өлкөдөн чыгарылган миллиондорго тиешеси жок экендигин айтып келет.

Бирок журналисттер ачыкка чыгарган коррупциялык иштерге бийлик өкүлдөрү чара көрбөй койгондо жарандар көчөгө чыккан. «#REакциянын» уюштуруучуларынын бири Азият Жекшеевдин айтымында, коррупция менен чыныгы күрөштү, сөз эркиндигин талап кылгандар бийликтен колдоо таппай, тескерисинче кодуланып келишет.

Азият Жекшеев

«Көптөгөн жарандар катталган «Telegram» тайпабыз бар болчу. Тилекке каршы, хаккерлер менин уюлдук телефонум аркылуу кирип өчүрүп салышкан. Мындан тышкары телефонума чалып, «митинг уюштурбагыла, катышпагыла» деп айтышат. Өтө турган акциялар боюнча социалдык тармактарга жарыяланган билдирүүлөрдүн алдында укук коргоо органдарынын кишилери тарабынан чагым уюштуруу аракети да көп болот. Митинг өтүп жаткан учурда да ушундай көрүнүштөр кайталанат. Бактыга жараша, алардын аракетинен майнап чыга элек».

Жаңы бийлик - эски адат

Саясат талдоочулар бийлик тарабынан уюштурулган кысым, чагымчыл иштер шайлоо алдында күчөй турганын айтып жатышат. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун Талас облусундагы иш сапарына байланыштуу тасма Интернетке тараган. Ал жерден жергиликтүү тургун эл өкүлүн беделине шек келтирген сөздөр менен тилдеп, ага жулунуп жатканын көрүүгө болот.

Депутат Жанар Акаев Таластагы окуяны атайын уюштурулган чагым катары сыпаттап, окуя жергиликтүү мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөнүн "жаман өнөкөт" деп атады.

Жанар Акаев

«Саясий күрөштө мындай жол менен күрөшүү жигитчиликке жатпай турган иш. 2008-жылы оппозиция өкүлдөрү Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилип жатышына каршы Ысык-Көл облусунда митинг өткөргөн. Ошол учурдагы бийлик ОБОН аялдарды, «дүжүр адамдарды» колдонгон. Алар оппозиция өкүлдөрүн жумуртка менен уруп, кээ бири кол көтөргөнгө чейин барган. Жыйынтыгында «Ак жолдун» депутаттарынын жардамы менен жерибиз коңшуларга өтүп кеткен. Андыктан бийлик өкүлдөрүнө эскертем: саясий каршылаштар, чындыкты таамай айтып сындап жаткандар менен мындай ыплас деңгээлде күрөшпөгүлө!».

5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөн. Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.

Кыргызстанда оппозиция ишмерлерине, активисттерге жана укук коргоочуларга карата чагым уюштуруу биринчи президент, учурда Москвада баш калкалап жүргөн Аскар Акаевдин бийлиги учурунан башталып, кийинки президенттер – азыркы кезде Беларуста качып жүргөн Курманбек Бакиев жана абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин тушунда да токтобогону белгиленип келет.

2014-жылы Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде жоон топ аялдын соккусуна ошол кездеги депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов да кабылган. Алар Ош шаарында Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясы боюнча иш-чара өткөрүп жаткан маалда 30га жакын аял киши кирип келип жумуртка ыргыткан. Абдрахманов буларды айтып берди:

Өмүрбек Абдрахманов

«Система демократиялык болгондо эч кандай чагым болбойт. Биздегидей авторитардык өлкөдө бийлик ар дайым чагым жасай берет. Ооба, башында андайга барбайт. Күчтөнүп алгандан кийин баягы жолго түшөт. Мындай иш-аракеттердин артында президент, өкмөт турат. Атайын кызматтар алардын буйругун гана аткарат. Канчалык жакшы аткарса, ошончолук кызматынан жогорулайт. Бул айыкпай турган оору. Мындайдын дагы далайын көрөбүз. Себеби алдыда шайлоо келатат».

Буга чейин бийлик тарабынан чагымга туш болгонун укук коргоочулар да айтып келген. Бирок Башкаруу академиясынын ректору, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев мындай ойлорго кошулбайт.

«Оппозиция бардыгын бийликке жүктөй берет. Бул деген саясий күрөштүн мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Мындай ала келгенде, саясий күч бир нерсени уюштуруп жатса, аларга каршы башка бир күчтөр да болушу мүмкүн. Бийликтин бир нерсени көздөп, атайын уюштурайын деген оюн көрө алган жокмун. Тескерисинче, коронавирус жана экономика менен алпурушуп жаткан кези».

Парламент “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап, 29-июнда ага каршы жүруш уюштуруу чечимине келишкен.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. Бийлик бул нааразылык акциялары боюнча үн каткан эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​