Мадумаров: Сох-Риштан жолу боюнча маселе талкуулана элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги Сох-Риштан жолун ачуу тууралуу маселени талкуулай элек. Бул тууралуу 2-июнда «Азаттыкка» вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Мадумаров кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатактын келип чыгышына биринчи кезекте чек аранын такталбагандыгы жана жайыт, суу пайдалануу маселелери себеп болуп жатканын айтып, Сох-Риштан жолун ачыш үчүн эки тараптын макулдугу менен катар Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) эрежелерине туура келүү жөнүндө талап бар экенин айтты.