Эл үнү: Жабык жайда вирус барбы?

Бул ирет «Эл үнүнө» жабык жайларда жазасын өтөп жаткан жарандардын жакындары, «айлыкты аз алып жатабыз деген мугалимдер» жана көп балалуу эне кайрылды.

Алгач темир тор артында бир тууганы отурган Чүй облусунун атын атагысы келбеген туругуну кайрылды. Ал жабык жаза аткаруу мекемесинде коронавирус чыкканы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн тактап берүүнү суранган:

«Менин иним Бишкектеги 1-ТИЗОдо (тергөө абагында) отурат. Аны уурулук үчүн айыптап 2019-жылдын декабрь айында камап коюшкан, өзүнүн бронхити, өпкө оорусу да бар эле. Сот улам артка жыла берип, карантинге туш келип калды. Эми «түрмөлөрдөн коронавирус чыгыптыр» деп жатышат. Инимдин абалы эмне болот? Мындай оору күчөп турган маалда чыгара турса болбойбу?»

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-майдагы брифингде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен жана түзөтүү мекемелеринин үч кызматкеринен коронавирус аныкталганын маалымдаган эле. Бирок ЖАМК COVID-19 илдети табылды деген төрт кызматкери жөнүндө маалымат берди. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун айтымында, бир кызматкер пневмония болуп ооруканада жатат, ал эми үч кызматкердин ден соолугу жакшы. Калыков «алардан «коронавирус аныкталды» деп ПЦР-тесттин анализинен кийин так айтыш керек» деди.

Дагы караңыз Абактагыларды коркуткан коронавирус

Окуу акысын төлөөнүн түйшүгү

Билим берүү тармагына байланышкан да кайрылуулар келип түштү:

«Менин атым Автандил Алтымыш уулу, Нарын облустунун Нарын районунун Жерге-Тал айылынан кайрылып жатам. Менин карындашым Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде окуйт. Ал азыр үйдө, айылда. Эми мугалимдери чалып, «келишимдеги акчаны төлөгүлө, төлөбөсөңөр сынактарга баа коюлбайт, кирбейсиңер» деп коркутуп жатыптыр. Билим берүү министрлиги өткөндө эле «келишимде окуган студенттерге жеңилдик берилет» деп жатпады беле? Эмнеге минтип кыйнап жатышат?»

Билим берүү илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу жогорку окуу жайларынын ректорлоруна атайын көрсөтмө берилгенин билдирди. Анда ар бир студенттин арызын карап чыгып, келишимдеги акчаны төлөөгө жеңилдик берүү сунушталган.

«Келишимди төлөө маселеси боюнча мындан бир ай мурда билим берүү министри жогорку окуу жайларынын ректорлору менен онлайн жыйын куруп, бул боюнча маалымат биздин интернет-баракчабызга да чыккан. Жыйында министр коронавируска байланыштуу оор кырдаалдын алдын алыш үчүн ар бир студент менен келишим маселесин ийкемдүү чечүүнү сунуш кылган. Ушундай эле сунуштарды жеке менчик мектептерге жана бала бакчаларга да бергенбиз. Ар бир жогорку окуу жайынын алдында атайын комиссия болушу керек. Дал ошол комиссиянын чечими менен кайсы студентке кандай жеңилдик берилери жеке арыздардын негизинде каралышы керек. Балким студенттин акы төлөө мөөнөтү узартылат. Бизге да студенттер мындай маселе менен кайрылып жатат, аларды биз өз окуу жайларындагы комиссияга багыттап жатабыз», - деди Орозматов.

Дагы караңыз Онлайнга көчкөн сабактардын оош-кыйышы

Каракол шаарынан мугалимдердин атынан кайрылуу келди. Анда мугалимдердин айлык акысы кыскарып жатканы белгиленген. Атын атагысы келбеген мугалимдин кайрылуусу:

«Мен сиздерге өлкөдөгү мугалимдердин атынан кайрылып жатам, өзүм да мектепте сабак берем. Эмнеге 2008-жылдан бери Караколдогу мектептерде, дегеле өлкөнүн бардык мектептеринде майрам күндөрдө иштеген иш акыбыз төлөнбөйт? Конституция боюнча бизге майрам күндөрдүн акчасы да берилиши керек. Баш мыйзамда «адам акы төлөнгөн эс алууга укуктуу» деп жазылып турбайбы. Бул Эмгек кодексинде да белгиленген. 2008-жылдан бери Кыргызстандын мектептеринде бул мыйзам аткарылбай жатат. Эмнеге мындай экенин билсек болобу?»

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мугалимдердин айлыгы быйыл бир да жолу кечиктирилбей, өз маалында берилип жатат. Аралыктан окутууга өткөндө да кечиктирилген жок. Башталгыч класстын мугалимдеринин бир жылдык иши 460 саат деп бааланып, андан тышкары да кошумча иштеген убактысы үчүн эмгек акы берилүүдө.

Көп балалуу эне кыйналууда

Бишкектен апасы 9 балалуу болгонуна карабай, «Баатыр эне» наамын ала албай жүргөн Раушат Усубалиева кайрылды:

«Энелер күнү менен бардык аялзатын куттуктайм. Апаларыбыз чың ден соолукта болсун, төрүбүздөн кетпей, өлкөбүздө тынчтык болсун. Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби: менин апам - тогуз баланын энеси. Ушунча жылдан бери «Баатыр эне» деген наам алыш үчүн документ тапшырып келе жатат, улам бир шылтоону айтып, кайра документтерин кайтарышууда. Бир топ жылдан бери ушул наамга жетпей жатат. Бул эмне кылышканы? Мамлекеттик органдардын апамды ушунча убара кылганы мага жакпай турат. Тогуз баланын энеси экени жалган беле? Документтеринин баарын тапшырат, «Баатыр эне» экенин далилдеш үчүн дагы эмне керек? Үтүр, чекитиненн адашса деле кайтарып жиберет экен».

Дагы караңыз Эл үнү: Узартылган карантин, айлык күткөн милиция

Кемин районунун Кызыл-Байрак айылынын тургуну, Нурия Мирзаева - сегиз баланын энеси. Ал азыр тамак-аштан кыйналып жатышканын айтып, жардам сурап кайрылды:

«Турмушум аябай оор, сегиз бала менен кыйналып жатамын. Батирде жашайбыз. Өзүбүзгө үй салып, пайдубал куруп жатсак, усталарыбыз кетип калышыптыр. Азыр бизди батирден чыгарып жатышат. Балдарым менен кайда барарымды билбейм. Жегенге тамак-ашыбыз да калбай калды. Эптеп менин үнүмдү элге жеткирип бересиздерби? Келип, көрүп, видеого деле тартып кеткилечи. Абдан кыйналдым. Азыр цементти өзүм балдарым менен куюп жатам. Суранам, жардам бериңиздерчи.»

Нурия Мирзаеванын телефондору: (0777) 87 80 88, (0556) 06 66 25.

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургуну, 30 жаштагы Токтомураттын ырларын айылдашы, пенсионер Чынар Токонова жиберген:

«Терек-Сайда жан кейиткен жаңылык,

Кары, жашы айла кетпей кайгырып,

Түтөсөк да, түгөнсөк да бийлик жеңди,

Түркүн кенди түрктөргө алдырдык.

Баюунун оңой жолу - алтын кени,

Башчылар бул ыкманы өздөштүрдү.

Бат эле «инвесторлор жыргатат» деп,

Баарынан көзгө түштү Чаткал жери.

Кез келгенге келишимдер берилди,

Кытай, түрккө кол куушуруп жүгүндү.

Жергебизди, кенибизди тепсеткен,

Жетекчилер жер которуп келгенби?

Терек-Сайга киргизген түрктөрдү,

Ким болсо да тешип чыксын жегендери.

Сурмасын да, алтынын кошуп казып,

Тоолорубуз кумга айланып бүлүндү.

Мен уялам, уяласың сен деле,

Байыгандын көбү бүгүн түрмөдө.

Жетекчилер ууру чыкса ичинен,

Кыйын болду, ишенебиз кимиңе?»

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​