Жогорку сот Аскаровду абакта калтырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды. Аскаровдун адвокаттары менен жакындары чечимге макул эмес экенин, укук коргоочу 10 жылдан бери түрмөдө мыйзамсыз отурганын айтып атышат. Иш каралып жатканда Аскаровдун мурдагы өкүмдөрүн өзгөртүүгө каршы болгон 20дай адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту.