Азимжан Аскаровдун соту болбой калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Район аралык сот жоюлуп кеткендиктен укук корогоочу Азимжан Аскаровдун өкмөткө каршы берген арызы боюнча соттук отурум болбой калды. Жараянга келген адвокаттар менен Аскаровдун жакындары мындан ары район аралык сот жок экенин 11-майда сот залынан гана билишти. Судья тиешелүү мыйзам 8-майдан тартып күчүнө киргенин, иш качан каралары азырынча белгисиз экенин айтты.