«Каравандагы» ишкерлердин нааразылыгы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

3-мартта Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары нааразылык акциясына чыгышты. Алар соода борборундагы орундардын аукцион аркылуу берилишине каршы болууда. Ал эми «Мүлк» мамлекеттик ишканасы орундар ижара акысын көбүрөөк төлөгөндөргө берилерин билдирип жатат. Мурдагы мэр Нариман Түлеевдин жакындарына таандык «Караван» соода борбору сот чечимине ылайык мамлекеттин карамагына өткөн.