Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон акчалай доосунан баш тартты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «24.kg» сайтына койгон 15 миллион сом доодон баш тартты. Бирок ошол эле кезде сайтка болгон арыз толугу менен алынган жок. Доогер тараптын жактоочулары акчалай доону кайтарып алууга «24.kg» Матраимовдор тууралуу сайтына чыккан маалыматтарды төгүндөгөнүн негиз кылды. Ал эми маалымат агенттиктин юристи «төгүндөө» деген сөздү четке кагып, маалыматка тактоо гана киргизилгенин айтты.