#REакция: президент активисттерге жооп берди

Бишкек шаарындагы «#REакция 2.0» тынч митинги. 18-декабрь, 2019-жыл.

Бажыдагы коррупцияга каршы чыккан «#REакция» митингдеринин катышуучулары президенттик аппараттан эки айдан кийин жооп алышты.

Расмий катта өлкөдөн чыгарылган миллиондорго байланыштуу тергөө жүрүп жатканы, коррупция менен күрөш уланары белгиленген. Бирок жооп экинчи тарапты канааттандырган жок.

Былтыр ноябрда акцияга чогулгандар мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып, президентке кайрылуу жолдошкон эле.

Президенттик аппараттын күттүргөн каты

«#REакция» митингдеринин катышуучуларына жөнөтүлгөн жооп президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Улан Абиловдин атынан жазылган. 22-январь күнү жазылган кат активисттердин колуна эми гана тийди.

Расмий катта коррупцияга каршы күрөш президенттин приоритети экени, өлкөдөн чыгарылган 700 миллион доллар жөнүндө укук коргоо органдары тергөө жүргүзүп жатканы жана ал сөзсүз аягына чыгарылары айтылган. Бирок катты алгандар жоопко канааттанбай, аны жалпылап жазылган сооротуу ыкмасы катары мүнөздөштү.

«#REакция» митингдеринин жигердүү катышуучусу Азият Жекшеев «Азаттыкка» буларды айтты:

Азият Жекшеев.

- 25-ноябрдагы митингде биз бир катар талаптарды коюп, соңунда президентке, президенттин аппаратына, премьер-министрдин атына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонбуз. Анда биз өлкөдөн чыгарылды деген миллиондор боюнча чара көрүүнү, буга тиешеси бар деген Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартууну жана күч кызматтарынын жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылганбыз. Жоопту 15 күндүн ичинде алабыз деп ойлогонбуз, бирок эки айдан кийин колго тийди. Тилекке каршы, көңүл тоё турган жооп болгон жок. Митингде, биздин катта айтылган Райымбек Матраимов жөнүндө бир да сөз айтылган эмес. "Коопсуздук кеңешинде иш-чаралар мерчемделген, коррупцияга каршы иш-чаралар аткарылып жатат" деген упчу эмизгендей эле жооп болуптур. Мунун баары президент жана тиешелүү органдар бажыдагы коррупция боюнча маселени чечүүгө кызыкдар болбогонун көрсөттү.

Президенттик аппаратка жолдогон кайрылууга 300дөн ашык адам кол койгон эле. Анын мазмунун «#REакция» митингдеринин активисттери социалдык тармактардагы өз профилдеринде жана акциянын атайын баракчасында жарыялашкан. Алар президенттин жообун да ушул эле жерлерге ачык жайгаштырышты.

Президенттик аппарат «#REакция» митингдеринин катышуучуларына жөнөткөн жообу.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн жана укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнөн алардын катынын мазмуну жана анын кечиккен себеби тууралуу комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Арийне, ошол эле катта айтылгандай президент Сооронбай Жээнбеков сөз болуп жаткан маселе жөнүндө акыркы жолу жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйынында позициясын билдирген. Анда мамлекет башчы Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жоопко тартуу үчүн ага карата айтылгандар юридикалык жактан бекемделиши керектигин белгилеген. Жээнбеков Матраимовду жемкорлуктун символу катары президентке байланыштыруу аракети жүрүп жатканын кошумчалаган.

- Мага чейинки жылдардагы коррупционерлер жана алардын саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. "Эгер дагы билгениң болсо ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардамдашкыла" деп жатам. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоң эле бирөөнү камай албайбыз, 1937-жыл эмес да. Бекемдеш керек. 27 жылда жасашпайт беле?! Бардык кезде ошондой болуп келген. Бажыны көзөмөлдөй турган органдар, президенттер өздөрү чогуу схемада отурган. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “капчык” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз,-деген 2019-жылдын 25-декабрында президент Сооронбай Жээнбеков.

Кеп болгон митингдер Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдөн кийин башталган.

«#REакция» деп аталган алгачкы митинг Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 25-ноябрда өтүп, анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген чакырыктар менен чыккан. Мындагы «Райым» деп аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты жогорудагы иликтөөлөрдө аталган. Матраимов өлкөдөн миллиондогон долларлардын чыгарылышына тиешеси жоктугун билдирген.

Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана иликтөөнү басып чыгарган «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Мындан кийин жарандар 18-декабрда Бишкекте кайрадан «#REакция 2.0» тынчтык митингине чыгышты. Экинчи жолку акцияга сөз эркиндигин коргоо урааны да кошулду.

«Чара көрүлөт, көрүлбөйт»

Бул аралыкта бул иш боюнча сот уланып, Матраимовдор «24.kg» сайтынан доосун кайтарып алганы кабарланды. Жогорку Кеңеште түзүлгөн атайын комиссиянын отурумунда болсо жаңы маалыматтар ачыкка чыкты. Тагыраагы ушул эле иликтөөлөрдө аты аталган, 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан сыртка акча ташыган Айеркен Саймаити жана анын фирмасы алты миллиард сомго жакын салык төлөөгө милдеттүү болгонун, бирок ал өлкө казынасына түшпөй калганы ачыкка чыкты.

Гуламжан Анарбаев.

Быйыл 21-январдагы депутаттык комиссиянын жыйынында Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев буларды билдирди.

- 2014-жылдын 30-июнунда Айеркен Саймаити менен «Абдыраз» тууралуу болгон маалыматты топтоп Ички иштер министрлигине берген экенбиз. Тилекке каршы, жооп ала албаптырбыз. Бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Кыскарып калган го деген божомолубуз бар. 2016-жылдын 12-августунда ошол эле материалды кайра изилдеп, кеңейтип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) бергенбиз. Ошол эле жылы үч айдан кийин «иш козгоодон баш тартуу» деген чечим кабыл алыныптыр. Кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында чуу болуп, 2019-жылы «Азаттыкка» иликтөөлөр чыккандан кийин премьер-министрден жана Финполдон бизге ушул маалыматтарды кайра иликтөө боюнча кат келди. Биз 2019-жылдын 26-июнунда кайра ошол материалдарды Финполго бердик. Ошонун негизинде Айеркен Саймаити 2 млрд. 602 миң сом, ал эми «Абдыраз» ишканасы 3 млрд. 810 млн. кошумча салык төлөсүн деген чечим чыккан.

Ошентип кабарчылардын иликтөөлөрүндө келтирилген маалыматтар да, тиешелүү укук коргоо органдары улам чыгарган фактылар да «миллиондор ишин» илгерилеткен жок.

Буга байланыштуу митингдерде да, социалдык тармактарда да сын пикир азайган жок. Алардын көпчүлүгү бажыдагы коррупция жана анда аты аталып жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимов боюнча президенттен гана чечкиндүү аракет күтүп жатышат. Бирок анда ишеним да, үмүт да өчүп бараткансыйт. Талдоочу Бакыт Рыспаев буларга токтолду.

Бакыт Рыспаев.

- Негизи ушунча болуп калгандан кийин президент маселени жакшылап тапшырып, жыйынтыгын чыгарганга кызыкдар болсо жакшы болмок. Убакыт өткөн сайын буга чара көрүлөрүнө ишеним болбой калды. Эгер убакыттын өтүшү менен муну унуткарып салабыз дешсе, анда бул туура эмес. Эки митинг болуп, эл нааразы болуп жаткандан кийин бул иш унутулбайт. Ал кайсы бир күнү баары бир өзүнүн натыйжасын берет. Акаевдин, Бакиевдин, кийин Атамбаевдин тушунда деле ушундай болгон, эч нерсе унутулбайт. Президент жана анын аппараты кырдаалды жөнгө салабыз десе коомчулуктун талаптарын аткарышы керек. Балким айрым маселелер тергөөнү талап кылат чыгар, бирок Дубайдагы үйлөр, башка эсептер - бардыгы ачык чыкты. Ошону жок дегенде "ушул буга таандык экен, же андай эмес экен" деген да жооп болбой жатпайбы. Жөн эле кагазга ороп, эптеп убакытты чоюу аракети байкалууда.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Баштапкы соттук угуу 2019-жылдын 19-декабрында өтсө, иштин мазмунун териштирүү 2020-жылдын 20-январында өттү. Отурум 29-январда уланат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​