Коопсуздук кеңеши: 30 кызматкер жазаланат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүн сындап, прокуратура менен сот жемкорлорду калкалап жатканын айтты. Өлкө башчы буга коомчулуктун талкуусуна түшкөн айрым чуулуу окуяларды мисал келтирип, жемкорлор менен күрөшө албаган жетекчилерди кызматын тапшырып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сөз болуп, анын натыйжасында өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталды.