Кайдыгер эмес активисттер ой бөлүштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги Ололо-Хаус борборунда 23-январдын кечинде жарандык активисттер уюштурган “Калыш же качыш керек: реакциялар өлкөсү” аттуу иш-чара өттү. Анда бир катар жаратман активисттер өлкөнүн келечеги тууралуу ой бөлүштү. Уюштуруучулар мындай иш-чараны жемкорлорго каршы жана сөз эркиндигин колдоо боюнча «#REакция» деген аталыштагы акциянын уландысы катары ай сайын өткөрүү пландары бар экенин айтып жатышат.