Дал ошол убакта Азербайжан менен Армения Карабакты талашып, ал эми Азербайжанда армян улутундагылар куугунтукталып жаткан.
Баку. 1990-жыл. 20-январдын түнү. Советтик армиянын танктары Баку шаарын туш тарабынан курчап киришти. Аялга, балага карабай алдынан чыкканын аткылап жатышты. Бул түн Азербайжандын жаңы тарыхындагы эң кандуу, каргашалуу окуялар менен элдин эсинде калды. Бир түндө 130 адам өмүрү менен кош айтышты. 600дөн ашык адам жарадар болду.
Азербайжандык саясатчы Эмин Бабаев 20-январь Азербайжан үчүн чоң трагедия болгонун айтты:
- Машиналарды танк менен тепсеген, «Тез жардам» кызматынын машинесине, үйлөрдүн терезелерине ок аткан, жарадарларды өлтүргөн окуялар тууралуу маалыматтар 4-5 күндөн кийин гана айтыла баштады. Канчалык чоң трагедия болгонун адамдар ошондо гана аңдашты.
Тоолуу Карабактагы жаңжал Бакуга аскерлерди киргизүүгө жакшы шылтоо болуп берген. Карабакты талашкан армяндар менен азербайжандардын ортосунда чыр чыккан. Январь айынын биринчи жарымында Бакуда армяндарды куугунтуктаган акциялар өткөн. Катуу кодулоодон улам көптөгөн армяндар Азербайжандан көчүп кетишкен.
- Топтошкон адамдар Бакунун көчөлөрүн аралап жүрүшкөн, - деп сөзүн улады Эмил Бабаев. - Алар балким али көчүп кете элек армяндарды издешкендир. Кийин «Советтик армия армяндарды коргош үчүн шаарга кирген» деп маалымат таратышты. Бирок армия аларды коргош үчүн шаарды көзөмөлгө алууну максат кылган эмес. Анткени Бакуга армия киргенге чейин эле армяндар шаарды, өлкөнү таштап чыгып кетишкен эле. Бул тек гана коркутуу акциясы болгон. Ал акциянын максаты - Азербайжанды курамдан чыгарбай, Советтер Союзун сактап калуу эле.
Ошентип бул окуя Азербайжанда «Кара январь» деп аталып калган. Андан бери туура 30 жыл өттү. Советтик прокуратура армиянын аракетинен кылмыштын курамын тапкан эмес.
Кийин «Кара январь» боюнча Азербайжан прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. СССРдин ошондогу жетекчилери Михаил Горбачев, Евгений Примаков, КГБнын башчысы Владимир Крючков баш болгон бир катар жетекчилердин аттары аталган. Бирок алардын бири да сот жообуна тартылган эмес.
20-январда Азербайжандын президенти Илхам Алиев баштаган бийлик өкүлдөрү Шейиттер аллеясына келип, «Өчпөс отко» гүл коюшту.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги ал трагедия үчүн СССРдин бийлиги түздөн-түз жоопкер деп, окуяга эл аралык коомчулук саясий жана укуктук баа берип, адамзатка каршы кылмыш катары таанылышы зарыл экенин билдирди.