Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, авиакырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болгон.

2017-жылы 16-январда эртең менен "Боинг-747" үлгүсүндөгү түркиялык жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конгон. 

Учактан түшкөн жүктөрдүн арасынан гаджеттер үчүн пайдалана турган кыргыз тилиндеги нускамалар, электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча документтер табылган.  Бирок "учактагы жүктүн ээси ким?" деген суроого ушул күнгө чейин так жооп табыла элек.
 

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2017-жылы учак кырсыгынан кийин Транспорт прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү боюнча иш козгоп, кийин ал токтотулган.

Дача-СУ боюнча атайын эсепке элден да 100 млн сомдон ашуун акча чогулганы расмий кабарланып, бирок ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу ачык маалымат берилген эмес. 

Былтыр май айында бийлик Дача СУдагы учак кырсыгы боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан жандандырылып, тергеле баштаганын кабарлаган. Бирок бул иш андан бери эмне болгону тууралуу укук коргоо органдары маалымат тарата элек. 

Дача СУ конушундагы кайгылуу окуянын бир жылдыгында кырсыкта каза тапкандардын урматына эстелик ачылган. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл 

Дача СУ. 16-январь, 2018-жыл