Чоң-Сай: жашоочуларды кооптондурган чек ара
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургундары Өзбекстан талаштуу жерди пайдаланып жатат деп нааразы болушууда. Өзбекстандын Наманган облусу менен чектеш аймакта 19 миң гектардан ашык аянт азыр талаштуу болуп турат. 8-декабрда ал жерге өзбек чек арачылары мыйзамсыз киргени тууралуу видео Интернетте тараган. Өткөн жумада эки тараптын чек арачылары жеринде сүйлөшүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.