Кант кызылчасын өстүргөндөр сызга отурду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы дыйкандар «Кайыңды-кант» заводу келишимди бузуп жатканын айтып чыгышты. Алар завод буга чейин кабыл алынган түшүмдүн 40% акчалай, калганын кумшекер менен берсе, быйыл 28% гана акча түрүндө бермей болгонун билдиришүүдө. Завод өкүлдөрү буга өлкөгө импорттолгон кумшекердин көптүгү жана анын баасынын төмөндөшү себеп болуп жатканын түшүндүрүштү. Чүйдүн көп айылдарында кызылча кирешенин негизги булагы болуп эсептелет.