Волейболчулар мекенге кайтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону болгон Кыргызстандын курама командасы Бишкеккке кайтып келди. Чемпиондорду тосуп алуу салтанаты «Манас» аэропортунда өттү. Волейболчуларды алардын күйөрмандары жылуу тосуп алды. Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионаты Непалдын борбору Катманду шаарында өткөн. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстан Өзбекстандын оюнчуларын 3:0 эсебинде жеңип чыккан.