Кой-Таш: Карапайым элдин кайгысы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин үстүндөгү Кой-Таш жана Арашан айылдарында 7-8-августтагы окуядан кийин карапайым элдин турмушу күнүмдүк ыргакта өтүүдө. Анткен менен айылдыктардын айтымында, дагы деле көчөгө ээн басуудан чочулап турушат. Ушул тапта Кой-Таштагы окуяларга катыштыгы бар деп шек туудурган тургундарды күч органдары суракка чакырып жатканы белгилүү. “Азаттыктын” кабарчысы айыл тургундарына микрофон сунганда көпчүлүгү жеке коопсуздунан чочулап ачык сүйлөп берүүдөн баш тартты.