Кафе-ресторандардын салыгын көтөрүү сунушталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы алты айында 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулду. План 96,2 пайызга аткарылып, салык пландалгандан 1,5 миллиард сомго аз жыйналды. Бул тууралуу 5-августта Мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйында айтылды. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышып, салык төлөөдөгү теңсиздик маселесин көтөрдү.