Салянованын бөгөт чарасын кароо жылып кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралбай калды. Ал 5-июнда саат 10:00дө карала турганы маалым болду. Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Алгач Салянованын бөгөт чарасы бүгүн Биринчи май райондук сотунда саат үчтө эле карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко алып келинген жок. Бишкектеги сот имаратына Салянованын тарапкерлери да чогулду. Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан болчу. Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады.