Быйылкы «Акыркы коңгуроо»
Баткен облусунун Лейлек районунун чек арадагы айылдарынын бириндеги «Акыркы конгуроо».
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 9-классты аяктагандардын саны 92 миң, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 62 миңди түзөт. (Ош шаары)
Мектептин чоң залы жок болгондуктан бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу салтанаты мектептин өрүкзарында өттү.
Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган.
4 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. (Кара-Көл шаарынын бүтүрүүчүлөрү).
Быйыл Таласта 11-классты 2368, 9-классты 4548 окуучу аяктады.
Таластагы №2 мектеп. "Акыркы коңгуроодогу" бий.
Нарын шаарындагы мектептердин бриндеги "Акыркы коңгуроого" премьер министр Музаммедкалый Абылгазиев катышты.
Нарын шаарындагы бүтүрүүчүлөр.