Ош базарынын соодагерлери нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң жана чекене базардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги ал жайга соода борбору курулары пландалып жатканын айтып, 15-апрелден тартып соодагерлерди мурунку соода кылган жерине киргизбей, базарды жаап салган. Ал эми соодагерлерге сунушталып жаткан жаңы соода имаратында күркөлөр кымбат деген жүйө менен ага кирүүдөн баш тартышууда. Ленин районунун акиминин орун басары Чынасыл Чыныбаев бул базар боюнча маселе эки ишкердин ортосундагы иш экенин маалымдап, акимчилик ага кийлигише албай турганын «Азаттыкка» билдирди.