Бурулайдын өлүмү: милиция күнөөлүү деп табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарып, каргаша шалаакылыктын айынан болгон деп тапты. Сот үч милиция кызматкерин 260 миң сом айыппул төлөөгө жана жабырлануучу тарапка 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.