Украина: бүйүр кызыткан шайлоо

Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды.

Киев, 31-март, 2019-жыл.

Шайлоого 19 эл аралык уюмдан жана 17 мамлекеттен келген 2344 байкоочу көз салып жатат.

Шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо үчүн Украинанын Ички иштер министрлигинин 130 миңден ашык кызматкери иштеп жатат.

Кыргызстанда жашаган украиналыктар да өз өлкөсүндө өтүп жаткан президенттик шайлоого добуш берип жатышат. Добуш берүү бекети Украинанын Кыргызстандагы элчилигинде ачылган.

Киевдеги шайлоо бекеттеринин бири.

Президенттик жарышка 39 талапкер катышууда.

Львов шаарындагы шайлоо бекеттердин бири.

Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.

Украинада президенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо бекеттери жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылды.