Балдары ВИЧ менен ооругандардын талабы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош облусунун Ноокат районунан келген жыйырмадай ата-эне балдары менен Бишкекте парламент имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар бул илдет менен жабыркаган балдарга мамлекеттен өмүр бою пенсия чегерип берүүнү, жер тилкеси же үй менен камсыздоону жана балдарын армиядан четтеттүүнү талап кылышты. Түштөн кийин алар менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Саламаттык сактоо министрлигинин имаратында жолукту.