"Ынтымак" менен "Достуктун" оюну

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдештин финалында  "Ынтымак" менен "Достук" командалары төртүнчү жолу таймашты. Бул эки команданын финалдык таймашы Нооруздун салттуу мелдешине айланган.

Көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-мартта башталган. 21-мартта финалдык беттештер өтүп, аны көрүү үчүн жүздөгөн көкбөрү ышкыбоздору келди.

Быйылкы «Нооруз» турниринде командалар эки топко бөлүнүп, Жогорку жана Биринчи лигаларда ойношту.  

Жогорку лигада алты команда баш байге үчүн ат салышып, жыйынтыгында "Ынтымак" менен "Достук" финалга чыккан.

Көкбөрүгө кызыккан кыздар көп.

Оюндун жүрүшүндө "Ынтымак" командасы "Достук" командасынын тайказанына катары менен алты улак таштады. 

Мелдештин "Мыкты аргымагы" наамы "Достуктун" Бүркүт деген атына ыйгарылды. 

Ат майданда орун болбогондуктан күйөрмандар оюнду тикесинен тик туруп көрүштү. 

Нооруз мелдешинде "Ынтымак" командасы үч жыл катары менен "Достук" командасын жеңип келүүдө.

Оюндун бүтөөрүнө саналуу мүнөттөр калганда гана Манас Ниязов "Ынтымак" командасынын тай казанына улак салып, "Достукка" бир упай алып келди. Беттеш 6:1 эсеби менен жыйынтыкталды.  
 

"Ынтымактын" күйөрмандары. 

“Ынтымак” командасы ушуну менен Нооруз турнирин төртүнчү жолу жеңди.

"Ынтымактын" 11-оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу "Мелдештин мыкты оюнчусу" наамын алды.

Көкбөрү көрүү үчүн атасын ээрчип келген кыз.

Нооруз мелдешинин алкагында өткөн Биринчи лиганын финалдык таймашында Таластын "Алкан-Ата" командасы Бишкектин "Келечек" командасын 5:1 эсебинде утуп, мөөрөйдү колго алды.

"Ынтымактын" оюнчулары.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште "Ынтымак" командасы жеңишке жетти.