Баткен: аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди. Ворух анклавы менен чектеш Ак-Сай айылынын тургундары коопсуз жакка чыгарылып, Баткен шаарындагы №57 лицейдин жатаканасына жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Негизинен алар аялдар, балдар жана кары-картаңдар.