Жээнбеков сотторду ыйманга чакырды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте 11-мартта соттордун XI курултайы болду. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагына бюджеттен бөлүнгөн каражат жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Маселен, 2018-жылы 1 млрд. 555 млн. сом бөлүнсө, быйыл 2 млрд. 154 млн. сом бөлүндү. Ал ошондой эле сотторду ыйманга да чакырды.