Жашыл планета: Көкөй кескен көк түтүн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Жашыл планета” рубрикасында бир кезде «жашыл шаар» атыккан Бишкектин абасынын тазалыгына токтолобуз. Кыш түшүп, жылуулук сезону башталары менен борбор шаарды кара түтүн каптайт. Адистердин айтымында, абанын булганышына жаңы конуштагы сапатсыз курулган мештен чыккан түтүн менен шаарда автоунаалардын көбөйүшү себепкер.