Кажы-Сай айылынын тургундары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын жыйырмадай тургуну Жогорку соттун алдына 4-февралда нааразылык акциясына чыгышты. Алар он жылдан ашуун уланып келаткан соттук процесс бул жолу да кийинкиге калтырылганына капа экенин билдиришти. Митинг уюштургундар Кажы-Сай айылында 1999-2008-жылдарга чейин айыл өкмөт башчы болуп иштеген жаран менен 2007-жылдардан бери соттошуп келатканын белгилешти.