Дача-СУ: кырсык өттү, көйгөй калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышты. Кайгылуу окуянын болгонуна эки жыл өтсө да жергиликтүү тургундар азыркыга чейин бийлик коопсуздукту жоюу боюнча иштерди аткарбаганын айтса, бийлик Дача-Су маселеси боюнча иштер аягына чыкканын билдирүүдө.