Бурулайдын иши: Милиция сурак бере баштады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектин Аламүдүн райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу милициянын беш кызматкерине козголгон кылмыш ишти кароого киришти. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылууда. Сот отурумда милиция кызматкерлеринин төртөө күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, бирөө мойнуна алган жок. Процесстин башында жабырлануучу Турдаалы Кожоналиев эки милиция кызматкерине карата кылмыш ишин токтотуу жөнүндө тосмо арыз жазганы белгилүү болду.