Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов кабыл алды. Зилалиевге кызматта турган учурунда айрым мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес деп Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш козголду. Аны 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган.