"Эл аралык мунапыстын" иликтөөчүсү сабалды

"Эл аралык мунапыстын" иликтөөчүсү Олег Козловский.

"Amnesty International" укук коргоо уюмунун кызматкери Олег Козловский Ингушетиядагы митингдерди иликтөөгө барган жеринен өздөрүн атайын органдардын өкүлдөрү деп тааныштырган адамдардын зомбулугуна кабылды.

Бул тууралуу уюм 15-октябрда расмий билдирди. Укук коргоочу коопсуздуктан улам үй-бүлөсү менен бирге Орусиядан убактылуу чыгып кетти.

Олег Козловский Ингушетияда чечендер менен жер айырбаштоого каршы башталган митингдерге байкоо салып, жарандардын эркин чогулуу укугу кантип сакталып жатканын баамдоо үчүн жумурияттын борбору Магаска 5-октябрда барган. Эртеси эле аны уурдап кетип, катуу токмоктоп, ыдык көргөзүшөт.

- Бардыгы кечки саат тогузда башталды. Мейманканамдын эшигин бейтааныш адам каккылады. Сыягы ингуш болчу. Нааразылык митингдердин лидери мени менен жолугушууну каалап жатканын айтты. Мен аны ээрчип мейманканадан чыктым. Кошуна көчөдө турган машинеге алып барды. "Акциялардын уюштуруучусу Барах деген киши камап салышпасын деп сыртка чыкпайт, машиненин ичинде сүйлөшүш керек" деди, - деп айтып берди Козловский "Рейтерс" агенттигине.

Машинеден эки жагынан маскачан эки киши отура калды. Укук коргоочуга телефонун өчүрүү буйругун берип шаардын четине алып кетишет. Өздөрүн экстремизмге каршы борбордун кызматкерлери деп тааныштырган адамдар "чечинбесең атып салабыз" деп коркутушкан. Жылаңач бойдон сүрөткө тартып алгандан кийин ырайымсыз сабап Магаска кандай максатта келгенин айтып берүүнү талап кылышкан. Алар Козловскийден митингдер жөнүндө маалымат берип турууну талап кылышкан. Кыйноолор учурунда бир нече жолу желкесине тапанча такап атып салышарын айтып коркутушкан.

- Бул эпизод бир мүнөткө созулду. Экинчи киши желкеме тапанча такаган шеригин токтотуп, экөө менден алыстап сүйлөшө башташты. Жаныма кайтып келип жылаңач бойдон сүрөткө жана видеого тарта башташты. Сыягы мени көзөмөлдөп туруу үчүн кийин укмуш бир компромат катары пайдаланабыз деп ойлошсо керек.

Укук коргоочу көнбөй койгондо кошуна Түндүк Осетияга алып барып аэропорттун жанында кое беришкен. Акырында Ингушетияга кайтып келбөөнү, жумурияттагы кырдаал тууралуу экинчи жазбоону эскертишкен. 7-октябрда Козловский Москвага кайтып барды. Анын кабыргасы сынганы белгилүү болду. Көп өтпөй коопсуздук себептеринен улам үй-бүлөсү менен кошо Орусиядан убактылуу кетти.

Укук коргоочу аны уурдап кеткен адамдар телефону менен видеокамерасын кайтарып беришпегенин, тергөө комитетине арыз жазганын айтат:

- Орус бийлиги кааласа ал кишилерди оңой эле табат. Албетте, каалашабы же жокпу, мен айта албайм. 9-октябрда Тергөө комитетине арыз жаздым. Азырынча эч кандай реакция жок. Бирок убакыт дагы бар. Реакция болот, ошол адамдарды таап, мыйзам чегинде жазалашат деп үмүттөнөм.

"Amnesty International" уюму кылмыш тууралуу орус компетенттүү органдарына арыз бергенин билдирди.

Сентябрдын этегинде Ингушетия жана Чеченстан жетекчилери эки регион ортосундагы административдик чек араны бекиткен келишимге кол коюшкан. Чечим адилетсиз дегендер Ингушетияда нааразылыктарын билдирип, 4-октябрда Магаста уруксат берилбеген массалык акция башталган. Козловский дал ошол митингдерге байкоо салмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.