Эрдоган "Сапаттын" ордуна "Маарифти" сунуштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аба майданында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий жолугушуу аземинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Фетхуллах Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрүп, муну биротоло чечип алуу керектигин белгиледи.