Уланбек Эгизбаев чыныгы атуул катары эсте калды

Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды. Уланбек Эгизбаев 28 гана жашта болчу. 

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2012-жылы "Агым" гезитинде кабарчы болуп иштеген. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тарта иштей баштаган. 

Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот. 

Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу эле. Ал Кыргызстандын демократиялуу жана сөз эркиндиги толук камсыз кылынган жаркын жана бакыбат келечекке карай адымдоосу үчүн жан дили менен күрөшкөн өз Ата Журтунун чыныгы атуулу катары эсте калды

Уланбек Эгизбаев журналисттик негизги кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык позициясын ар дайым билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес. Эмгекчилдиги, кандан-бектен кайра тартпаган курчтугу менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу.