Президент Владимир Путиндин башкы сынчысы Алексей Навальный бюджеттен бөлүнгөн акчанын бир бөлүгү Кремлге жакын олигархтардын чөнтөгүнө түшкөнүн айтып чыкса, “Яблоко” партиясы атайын доклад жарыялап, Орусиядагы стадиондордун курулушу башка мамлекеттерге салыштырмалуу кымбатка турганын аныктады.
Орусиялык оппозиция лидерлеринин бири жана коррупцияга каршы активист, президент Владимир Путиндин төртүнчү мөөнөтүнө каршы нааразылык акциялар учурунда кармалып, 30 күнгө кесилген Алексей Навальный абактан Москвада 21-чемпионат ачылган 14-июнь күнү бошотулду.
Ал Орусия тосуп жаткан дүйнөлүк мелдеш футбол майрамдарынын эң кымбатына айланганын, андан Кремль менен мамилелеш олигархтар “акча уурдаганын” ошол эле күнү Интернеттеги каналы аркылуу мекендештерине жасаган видео кайрылуусунда айтып чыкты:
- Көптөр оппозиция чемпионатка каршы, мени чемпионатка, ал Орусияда болушуна каршы дешет. Жок, мен чемпионаттын Орусияда өтүшүнө каршы эмесмин. Орусияда футбол майрамы өтүп жатканы эң мыкты. Бирок мен ал эмне үчүн мага жана сизге (орусиялык салык төлөөчүгө) 14 миллиард долларга турушу керектигин түшүнбөйм. Кайсы курулуш болбосун Ротенбергдер менен Тимченко катышарын айта берип тажадык. Ротенбергдер жана Тимченко бул жерден да ондогон миллиард рубль табышты. Табышты дегенибизде уурдашты деп саноого болот. Бул адамдар футбол боюнча дүйнө чемпионатынан жомоктогудай байышты. Мен мына ушуга каршы чыгып жатам.
Алексей Навальный видео кайрылуусунда 2002-жылдагы дүйнө чемпионатында анын конок ээлери 4 миллиард, 2006-жылкыда 2,9 миллиард, 2010-жылкыда 3,9 миллиард доллар гана сарптаган деген маалыматтарды келтирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Навальный 2014-жылы Бразилиядагы чемпионаттын чыгымы да 14 миллиард долларга жакындап, Орусиядан бир аз арзан болгонун, бирок футболго баладан-аксакалга чейин аралашкан бул өлкөдө чемпионаттан кийин коррупциялык жаңжал тутанып, президент, өкмөт отставкага кетүүгө аргасыз болгонун эске салды.
Навальный бир тууган миллиардерлер Аркадий жана Борис Ротенбергди жана дагы бир миллиардер Геннадий Тимченкону айтып жатат. Бул үчөө тең быйыл жыл башында АКШ администрациясынын “Кремль баяндамасы” деген документинде президент Путинге жакын делген олигархтар тизмесине киргизилген болчу.
Чемпионаттын ачылышына тушташ “Яблоко” партиясынын антикоррупциялык борбору “Мундиалдын алтыны” деп аталган атайын докладын жарыялады.
Докладдын авторлорунун бири, Антикоррупциялык борбордун директорунун орун басары Алексей Карнаухов “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде алар жүргүзгөн иликтөөнүн тыянактары тууралуу буларга токтолду:
- Биздин башкы тыянактарыбыз - Орусия стадиондордун баасын чет өлкөдөгү аналогдору, Европа менен дүйнөдө акыркы жылдары курулган ареналар менен салыштырганда бир нече эсе кымбаттаткан. Биз жаңы стадиондордун курулушун, эскилердин оңдолушун эл аралык аудитордук компаниянын (KMPG) маалыматтары жана Евро-2016 үчүн Францияда курулган стадиондор менен салыштырдык. Биздин эсептер боюнча чет өлкөлүк аналогдор менен салыштырганда баа 95 миллиард рублге кымбат. Ал эми бардык стадиондордун курулушу Орусияга 212,5 миллиард рублге турду, башкача айтканда кымбаттатылган сумма кыйла эле сезилерлик. Бул биринчи кезекте коррупцияга байланыштуу, анткени чемпионатка даярданууга каражат бөлүү башынан эле ачык-айкын болгон эмес. Акча конкреттүү ири генподрядчиктерге берилген, алардын көпчүлүгү тигил же бул жагынан Путинге байланышы барлар: президенттин достору же бийлик коридоруна кире алгандар. Андан ары каражатты субподрядчиктер аркылуу кайра бөлүштүрүү да ачык-айкын болгон эмес, чоо-жайы азыркыга чейин белгисиз.
“Яблоко” партиясынын докладында да дүйнөлүк чемпионаттын стадион курулуштарынан пайда көргөн миллиардерлер катары Геннадий Тимченконун, Олег Дерипасканын, Арас Агаларовдун ысымдары жана бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын Татарстандан депутаты Равиль Зиганшиндин ысымдары аталган.
Расмий эсепте Орусия чемпионатка даярдык үчүн (2013-2018-жылдар) федералдык бюджеттен 13,2 миллиард доллар коротту.
Moody's Investors Service эл аралык рейтинг агенттиги Орусия үчүн чемпионаттын экономикалык пайдасы “кыска мөөнөттүү” гана болот деген бүтүмгө келген.