АКШ Түндүк Кореядан үч жаранын бошотту

Президент Дональд Трамп жана жубайы Меланиа Трамп Түндүк Корея бошоткон үч америкалыкты тосуп алган учур. 10-май, 2018-жыл.

АКШ Түндүк Кореядагы абактан үч жаранын бошото алды. Аларды мекенине мамлекеттик катчы Майк Помпео алып келди.

АКШ бийлиги Түндүк Кореянын камагындагы үч жаранын бошотууга “тарыхый” деп мүнөздөлүп жаткан саммитти утурлай жетишти.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин жазганына караганда, корей тектүү үч америкалыкты расмий Пхеньян мамлекетке каршы иш жүргүзгөн деп айыптаган. Бирок алардын камалуусунун саясий жүйөсү бар деп саналчу.

Түндүк Корея бошоткондордун бири, ишкерлик менен алектенген Ким Донг Чул 2016-жылдын апрелинде тыңчылык кылды деген айып менен шарты жана иши оор тартиптеги абакка кесилген. Ким Хак Сонг менен Тони Ким былтыр апрель-май айларында Пхеньяндагы Илим жана технология университети менен кызматташкандан кийин камалышкан, бирок азыркыга чейин соттолушкан эмес.

Аларга чейин Түндүк Кореяда 15 жылга кесилген америкалык студент Отто Уормбиерди былтыр июнда камактагы 17 айынан кийин АКШга өткөрүлүп берилип, бирок оорудан улам көп өтпөй эле каза тапкан.

Президент Дональд Трамп шаршемби күнү калган үч америкалыктын бошотулушун кубаттады:

- Мен Ким Чен Ын алардын кетүүсүнө мүмкүндүк бергенине ыраазымын. Биз жолугушуунун же саммиттин убактысын жана ордун тандадык. Менимче, ал ийгиликтүү болот. Бирок мен такай айтып жүргөндөй эмне болорун ким билет? Анткен менен бул өтө маанилүү окуя. Ушундай нерсе болорун жылдар мурда эч ким күткөн эмес. Азыркыдай кырдаал –Түндүк Корея менен биздин ортобузда олуттуу жана позитивдүү карым-катыш болорун эч ким ойлогон эмес. Бизде дүйнө, Түндүк Корея жана бардыгы үчүн жакшы ишти жасоо мүмкүнчүлүгү бар.

Дональд Трамп алар Түндүк Корея менен саммит качан жана кайсы жерде болорун үч күн ичинде жарыялай аларын, бирок кездешүү Түндүк жана Түштүк Корея ортосундагы демилитаризациялык аймакта өтпөй турганын кошумчалады. Америкалык медиада болсо эң ыктымал жер катары Сингапур аталууда.

Саммитти даярдоо үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяга акыркы 20 күн ичинде эки ирет барды. Анын Ким Чен Ын менен көзмө-көз жолуккан биринчи сапары дээрлик аяктаганга чейин жашыруун кармалса, экинчиси Помпео Пхеньянга кеткенден кийин, 8-майда гана ачыкталды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун жолугушуусу. 9-май, 2018-жыл.

АКШ алдыдагы саммитин эң башкы жыйынтыгы - Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек деп эсептейт. Вашингтондук расмийлер белгилеп жаткандай, Түштүк Кореяда америкалык аскерлердин турушу Пхеньян менен баштапкы сүйлөшүүлөрдүн темасы болбойт:

- Биздин күчтөр Түштүк Кореяда стабилдештирүүчү күч катары турат. Бул Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдүн эмес, эки союздаштын ортосундагы маселе. Түштүк Корея менен АКШ өкмөттөрүнүн, элинин суверендүү чечими. Бул баштапкы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде болбойт, - деди 9-майда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис.

АКШнын 28 500 жоокеринин Түштүк Кореяда турушу Түндүк Корея менен мерчемделген тынчтык келишимден сырт маселе экенин өткөн аптада расмий Сеул да ырастаган. Пхеньян мурда АКШ аскерлеринин Түштүк Корея менен утур-утур машыгууларды өткөрүшүн такай айыптап жүрчү.

АКШ менен саммитке даярдык көрүү үчүн Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын да апта башында Кытайга экинчи жолу барып, президент Си Цзинпин менен Далянь шаарында жолукту. Ага чейин Түштүк Корея менен саммит алдында ал Бээжинге барып кеткен. Бээжин - Пхеньяндын башкы саясий жана экономикалык өнөктөшү.

Ким Чен Ын Кытайга экинчи сапарында учак менен барды. Атасы Ким Чен Ир Кытай менен Орусияга каттаганда такай брондолгон поезд гана жүрчү.

Эки Кореянын лидерлери 27-апрелдеги саммитте Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну, Корей согушун (1950-53-жылкы) расмий бүтүрүп, туруктуу тынчтык келишимин түзүш үчүн быйыл АКШ жана Кытай менен иштешүүнү макулдашканын жарыялашкан.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Кореянын лидери былтыркы утур-утур ракеталык сыноолордон кийин кепке келип, эми өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырышат. Бирок өткөн аптада Пхеньян мындайга нааразы болуп, АКШга “атайлап чагым жасабоону”, алардын сүйлөшүүгө дилгирлигин алсыздык катары чечмелебөөнү эскерткен.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен күчөткөн. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизген. Ал санкциялардын баары азыр күчүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.