Жеңиштин сыры биримдикте болгон

Кыргызстандан делегация Ленинградга кызыл флотчуларга белек алып баруу үчүн жөнөп жатышат. 1942-жыл

Артиллериялык батареяны даярдоо. 1943-жыл

Кыргызстан 360 миңден ашуун жаранын же ар бир төртүнчү кишини армияга жөнөткөн. 

Панфиловчулар олжолонгон танкта. 1941-жыл. Подмосковье

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кыргызстандын эли 131 миң адамга азайган. 

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти, СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаева фронтто "Алымкан" ырын ырдап жаткан учуру. 1942-жыл 

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти Сайра Кийизбаева жана Мухиттинова. 1942-жыл.

Кыз-келиндер жарадар жоокерге биринчи жардам көрсөтүүдө. 1941-42-жылдардагы сүрөт.

Кыргызстандык кыз-келиндер Кызыл армиядагы жоокерлер үчүн жүндөн кийим токуп жатат.  Фрунзе, 1942

5-бөлүмдүн бейтаптары жана кызматкерлери. 1942-жыл, Фрунзе

Байланыш мектебинин алдында уюштурулган курс.

1941-жылдын башында Кыргызстанда 1 миллион 588 миң адам каттоого алынган. 1946-жылкы каттоодо 1 миллион 457 миң адам калган.

Панфилов дивизиясынын 8-гвардиясындагы аскерлер үчүн даярдалып жаткан белек. 1942-жыл, Фрунзе

Жаш шахтачылар иштен кайтканда. 1945-жыл. Көк-Жаңгак

Жоокер Аваскан Мотокеев курал-жарактарды тазалоодо. 1941-жыл, Фрунзе

Пединституттун мыкты аткычы Сулайка Канаева. 1940-жыл, Фрунзе

Согуш маалында колхоз-совхоздор коргоо фондуна 74 миң тоннадай дан, 8 миң тоннадан ашуун эт тапшырган.

Колхоздун инструкторлору, биринчи катарда комсомол Күлбара Айдарбаева

Кыргызстан 360 миңден ашуун жаранын же ар бир төртүнчү кишини армияга жөнөткөн. Ошондой эле 300 миңден ашуун адамды кабыл алган. 

Аскерлер мылтыктан атканды үйрөнүүдө. 1943-жыл, Фрунзе

Аскерлерге чолок тон тигилип жатат. "Кара-Курат" артели, Фрунзе, 1941-жыл 

Орукта жумушчулары пулёмотту үйрөнүп жатышат. 1942-жыл, Фрунзе

Инструктор-учкуч Касым Ормокоев. 1941-жыл

№5 мектептин окуучулары география сабагында, 1943-жыл, Фрунзе

9-май, 1945-жыл. Прага.  

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон.