Кыргызстан сырттан келчү коркунучка даярбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чет элдик маалымат булактары тажик-ооган чек арасына жакын жерде “Талибан” кыймылынын күчтөнүп жатканын маалымдоодо. Радикалдашкан куралдуу күчтөрдүн Борбордук Азияга кооптуулугу канчалык, Кыргызстан сырттан келчү коркунучтарга даярбы, күч түзүмдөрүнүн күжүрмөндүүлүгү кандай, өлкө ичинде террордук-экстремисттик күчтөрдүн таасири барбы ж.б.у.с. маселелерди “Арай көз, чарай” берүүсүндө сөз кылабыз. Талкууга Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов, Чек ара кызматынын полковниги Чолпон Буржуев, “Баткен жоокерлери” комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев катышты.