Атамбаев: "Райым миллионду" кызматтан алууну сурангам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-марттагы басма сөз жыйынында Райымбек Матраимовду кызматтан алууну өкмөт башчыга өзү көрсөтмө бергенин айткан. Ал эми Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады. Бул тууралуу 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыгышты.